Kanat buturgon karaandar. Makale
Бу дүйнөдө эки гана улуу сыр бар: бири – өмүр, экинчиси – аял! Экөө бири-биринен эч ажырагыс ыйык дүйнө. Тирүүлүк – аялзатынан уланып, тирилик аялзаты менен уланат Аялдын карааны – эркекке канат бүтүрүп, кайгыдан арылтып, ошондон улам кең мейкинге сызып учуп, кыялдар аркылуу кыйла жерге сабала

Бу дүйнөдө эки гана улуу сыр бар: бири – өмүр, экинчиси – аял! Экөө бири-биринен эч ажырагыс ыйык дүйнө. Тирүүлүк – аялзатынан уланып, тирилик аялзаты менен уланат Аялдын карааны – эркекке канат бүтүрүп, кайгыдан арылтып, ошондон улам кең мейкинге сызып учуп, кыялдар аркылуу кыйла жерге сабалап барабыз. Бул – аялдын ажайып бир айтып болгус керемети. Дал ушул керемет, ушул сулуулук менен ар бир таңда алдыга үмүт байлап, эркектик жигер менен шымалана тоону томкоруп, ойду омкорууга киришебиз. Аялды эркек үчүн эмгекке шыктансын, эргүү алсын, ушул дүйнөнүн кооздугун сезип, ашыктыкка кулдук урсун, эркек үй ичинде аялдын деминен жылынып, тукумун улап, тууруна бак кондурсун деп жараткандыр!? Аял табияты эң назик, ошол эле учурда эң күчтүү! Ал сырткы көрүнүшү менен гүлгө окшош назик болсо да, ички дүйнөсүндө тоодой чыдамкайлык, деңиздей тереңдик жашайт. Эркек көбүнчө күчү менен мактанса, аял сабыры, мээрими жана жүрөгүнүн кеңдиги менен улуу Аял – эне, ал эми эне жүрөгү – адамзаттын мекени! Адам бу жарык дүйнөгө эне жүрөгүндөгү мээрим аркылуу келип, аялзатынын жаратмандыгы аркасында жер шарындагы адамзат өмүрү уланып келет Эркек менен аялзатынын айырмасы – эркек сырт дүйнө менен күрөшкөн күч болсо, аял ички дүйнөнү сактап тургандыгында. Аял – жер сыяктуу, баарын көтөрөт. Бардыгын батырат. Бардыгын жүрөк түпкүрүндө бапестеп багат Аял сулуулугу жалгыз гана жүзүндө эмес, анын көз карашында, мээриминде. Эненин бир жылмайганы – бүтүндөй адам жашоосун өзгөртө алат Өмүрдөгү эң ыйык сезим делген сүйүү да аялзаты аркылуу толукталып, дүйнөнү тең салмакта кармап турат. Сүйүү – эки жүрөк ортосунда көрүнбөгөн нур. Ошол нур аял мээрими менен жарык болуп, эркекке ишеним-күч берет. Мына ошондо гана табият, ушул кооз аалам толукталып күүгө келип, адам уулу бакытка бөлөнөт Аялзатына болгон урмат – жөн гана адат эмес, бул адамзат жүрөгүндөгү ыйык сезим Аял – өмүр башаты, сүйүү булагы! Дүйнөдө көп нерсе өзгөрөт. Мезгилдер алмашат, адамдар конок сыңары бу өмүрдөн бири өтүп, бири келет... Бирок бир нерсе эч качан өзгөрбөгөн бойдон кала берет, ал, аялзатынын улуулугу! Кай бирде адам дүйнөнүн улуулугун алыскы тоолордон же болбосо кең асмандын өзүнөн, табияттан издейт. А жашоонун терең сыры жаныңдагы эле эң бир аяр, эң бир назик аял жүрөгүндө катылуу жатат Эркек шамал, бирде катуу соккон бороон сындуу дүйнөгө каршы чыгып, а кай бирде багытын издеп адашкансыйт. Ал эми аял жер сыяктуу бороон канчалык соксо да, майышпай көтөрүп келатат Апа…Ушул сөздө адамзаттын бүтүндөй тарыхы, бүткүл үмүтү жашайт. Адам а деп жаралганда оозанган туңгуч сөзү – “Апа”! Апа деп тилибиз чыгып, алтургай кимге канча жылдык өмүр берет, ошол саатыбыз келип, сапарыбыз карып өмүр соңуна жеткен кезде ушул жарыкчылыкта кош айтышып баратып да апанын элесине бир жалбарып, апа деген аялуу сөзгө таазим этип, анан үзүлөрбүз Өмүр тартуулап, анан биздин түйшүгүбүздү мойнуна арткан эненин эмгегин адам уулу эч бир убакта толук актап бүтө албасы анык. Апанын ар күнү оозунан чыккан “кагылайын” деген сөздүн өзүндө, канчалык жылуулук катылган!? Табият энеге ушунчалык зор күчтү ыроолоптур, анын майышпас эрки менен чалыкпаган демине айран-таң калып, мээримине таазим эткенибиз эткен... Эненин касиети да дал ушунда, ал өзү жараткан баласы үчүн – өз өмүрүнөн аша кечет. Мындай касиет, бир гана Энеде бар! Эркек – эне мээримине канып, эне тили чыгып, эне деген сөздү айтып кас-кас туруп, анан турмушту таанып, бара-бара жетилип олтуруп өзүнө түгөй издеп, түтүн булатат. Ошентип эркек бүткүл өмүрүнүн маңызын эки улуу аялзатынан, бири – Эне болсо, бири алган жарынан көрөт Мезгили келет экен, адам бу жарыкчылык менен кош айтышып, өзүнүн бир кездеги жүрөк толтосу астында бапестеп тогуз ай көтөрүп, анан тогуз толгонуп атып бу жашоого алып келген балдарына эми мындан ары караанынан кагыла албай, а дүйнө сапар улайт тура!? 32 жыл болду, 32 жылдан бери карай карааныман кагылган энемдин сөзү укпаганыма Башта бир топ кыйналдым. Айлар бою... Жылдар бою... Чейрек кылым Эми минтип элүүгө толгондо апамдын караанын чындап таппасыма ынандым окшойт!? Оо, илгери 32 жыл мурда 42 жаш курагында жылдар бою сыркоолоп атып, анан караанын өзү менен кошо акыретке ала кеткен апамдын элеси гана калды эси-көөнүмдө. Бир топ сүрөттөрдөн жайнаган көздөрү менен жылмая тиктеген элесин көкүрөккө бек түйүп, бапестегенге аракет кылып келем Куру дегенде элеси унутта калбасын деп атып дал өзүңдөй мээримдүү да, эстүү да, анан сулуу да болсун деп ырымдап, кызымдын ысымын Эрке атагам Эми очогумду жандырган бир караанымды ыйык тутуп, анын караанынан канат бүтүрүп, алдыга умтулуп келем Экинчи карааным – өмүрлүк жар, балдарымдын апасына олтурсам-турсам жаны бек, дени сак, өмүрү узак болсун деп тилейм! Ушул ааламды кооздукка бөлөп, бир күлгөнүнөн дүйнө бейиш өңдөнгөн аялзат! Сулуулукту көзгө сая көрсөтүп, аны силер акындар, жазуучулар, сүрөткерлер өмүр бою канчалык чыгармаларыңарда даңктасаңар да, аздык кылат деген аялзат! Сулуулукка тизе бүктүргөн аялзатынын көзүнөн аккан жаш – кубанычтын жашы болсо экен