Globaldyk ltd diyalog kuruyor – klimattyk sokkularga yngaylashuu mumkunchulugu
Дүйнөлүк климаттын өзгөрүү темпи тез жүрүп жаткандыктан, бир нече он жылдыктан кийин планетанын бир катар аймактарында жашоо шарттары кескин өзгөрүшү мүмкүн. Тоо массивдери жана аларга чектеш аймактар мөңгүлөрдүн эришине алып келген аномалдуу ысыкка жана узакка созулган кургакчылыкка барган сайын кө

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүү темпи тез жүрүп жаткандыктан, бир нече он жылдыктан кийин планетанын бир катар аймактарында жашоо шарттары кескин өзгөрүшү мүмкүн. Тоо массивдери жана аларга чектеш аймактар мөңгүлөрдүн эришине алып келген аномалдуу ысыкка жана узакка созулган кургакчылыкка барган сайын көбүрөк дуушар болууда. Бул тенденция ондогон мамлекеттердин суу тартыштыгына кабылуусуна алып келүүдө Бийик тоолуу аймактарда климат планетанын орточо көрсөткүчүнө караганда тез өзгөрүүдө. Окумуштуулар аба ырайы алдын ала айтууга мүмкүн болбой калганын белгилешет. Эгерде адамзат климаттык тобокелдиктерге ыңгайлашуу боюнча чараларды көрбөсө, кайтарылгыс процесстер башталып, ал тургай өнүккөн мамлекеттердин алдында да аман калуу маселеси курчуйт. Нымдуулуктун тартыштыгы айыл чарбасынын жана мал чарбачылыгынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына, демек, бир катар кыйраткыч кризистерге алып келет Кыргызстан бир нече он жылдыктан бери бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келет. Өлкө климаттык соккуларга көбүрөк дуушар болгон аймактарда туруктуу өнүгүү шарттарын сактап калуу үчүн жамааттык чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгын айтып келет 2027-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган II Глобалдык тоо саммити БУУ тарабынан жарыяланган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алгачкы жыйынтыктарын чыгарат. Өзгөрүп жаткан климатка ыңгайлашуу маселелери мамлекет башчыларынын деңгээлинде талкууланмакчы. Бул – биргелешип чечүүнү талап кылган реалдуу чакырык. Эгер тоолуу өлкөлөр мөңгүлөрүнөн айрылса, анда континенттик түздүктөрдө жайгашкан ондогон мамлекеттер суусуз калат Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) эксперттери жакынкы он жылдыктарда Борбор Азияда суу ресурстарынын тартыштыгы олуттуу коркунуч бойдон кала берерин жана системалуу көңүл бурууну талап кыларын белгилешет. Ошол эле учурда, бул кырдаалды чечилгис көйгөй катары карабоо керек Азырынча аймакта суу ресурстары жетиштүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана башкарууну өркүндөтүүгө багытталган кечиктирилгис чаралар зарыл Евразия өнүктүрүү банкы өнөктөштөрүнө климаттык максаттарга жетүүдө ырааттуу колдоо көрсөтүп жатканын белгилейт Банк зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган мүмүнчүлүгү жогору долбоорлорго инвестиция салып, "жашыл" демилгелерди даярдоого жана ишке ашырууга техникалык көмөк көрсөтөт, ошондой эле аймактагы өлкөлөргө төмөнкү көмүртектүү экономикага өтүүдө эксперттик колдоо көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, банктын "жашыл" долбоорлорунун учурдагы портфели 1,1 млрд долларга жетти, анын 96 пайызы климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу долбоорлоруна таандык. Аймактагы өлкөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык, биз кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүнү жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүүнү колдойбуз. Маанилүү долбоорлордун катарында Алматы ЖЭБин реконструкциялап, көмүрдөн газга өткөрүү жана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын куруу иштери бар Эколог-эксперттер белгилегендей, сууну үнөмдөөгө багытталган алгачкы кадамдар абдан жөнөкөй – бул каналдарды бетондоо жана суткалык, он күндүк жөнгө салуучу бассейн менен суу сактагычтарды тейлөө болуп саналат. Биздин аймактагы жүздөгөн чакырым сугат системалары түз эле топуракка казылган, натыйжада суу арыктар менен талаага жеткенче анын 60 пайызы жоготууга учурайт. Ошондуктан, айыл чарбасында сууну түтүктөр аркылуу жеткирүү тутумдарын, жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу ыкмаларын тез арада киргизүү зарыл Тоолордогу жылуулануу темпин басаңдатуу үчүн мөңгүлөрдүн тегерегине токой массивдерин отургузуу жана суу топтоо үчүн жаңы гидротехникалык курулуштарды түзүү керек. Бул масштабдуу жана чоң капиталды талап кылган долбоорлор жамааттык түрдө ишке ашырылышы кажет. Ошондой эле континенттин негизги суу артериялары калыптанган өлкөлөр коңшуларынан жана өнөктөштөрүнөн колдоо алууга тийиш Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев Кыргызстандын аймагында жайгашкан гидротехникалык курулуштар коңшу өлкөлөрдү суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ экенине көңүл бурду Окумуштуу баса белгилегендей, 2027-жылы дүйнөлүк коомчулуктун жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Тоо саммитин ийгиликтүү өткөрүү биздин республика үчүн абдан маанилүү артыкчылык болушу зарыл. Бул Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор ээлегени менен байланыштуу, ал эми климаттын жылуулануу темпинин өсүшү менен мындай экосистемалардын абалы барган сайын алдын ала айтууга мүмкүн болбой баратат. Тобокелдиктер күчөп жатат, андыктан климаттык соккуларга жамааттык ыңгайлашуу чараларын көрүүнү кечиктирүүгө болбойт