Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Германия ак суутек өздөштүрүүнү пландаштырууда

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Германияда окумуштуулар ак суутек деп аталган табигый газды изилдеп, аны келечекте арзан жана экологиялык таза энергия булагы катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул тууралуу Kazinform билдирет Геолог Юрген Грёчтун айтымында, табигый суутек Германиянын Бавария айм

1 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Германия ак суутек өздөштүрүүнү пландаштырууда
Paylaş:

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Германияда окумуштуулар ак суутек деп аталган табигый газды изилдеп, аны келечекте арзан жана экологиялык таза энергия булагы катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул тууралуу Kazinform билдирет Геолог Юрген Грёчтун айтымында, табигый суутек Германиянын Бавария аймагындагы токойлордо да кездешет. Суутек күйгөндө атмосферага климатка зыян келтирген газдар дээрлик бөлүнүп чыкпайт. Бирок негизги көйгөй — аны өндүрүүдө. Азыр дүйнөдө анын көпчүлүк бөлүгү мунай же газ сыяктуу казылып алынган отундан алынат. Ал эми кайра жаралуучу энергия аркылуу алынган суутек бир пайызга да жетпейт жана бул ыкма кымбатка түшөт Адистин айтымында, табигый же ак суутек бул маселеге альтернатива болушу мүмкүн. Ал жер кыртышында миллиондогон жылдар бою жүргөн геологиялык процесстердин натыйжасында табигый жол менен пайда болот Окумуштуулар түшүндүргөндөй, Жердин мантиясында темирге бай тоо тектери көп. Бул тектер жогорку температурада суу менен аракеттенгенде суудан кычкылтек бөлүнүп чыгып, таза суутек пайда болот. Бул процесс серпентинизация деп аталат Юрген Грёч Баварияда табигый суутектин килограммын болжол менен 0,87 еврого сатууга болот деп эсептейт. Анын планы боюнча, 2030-жылы жер алдындагы 1500 метр тереңдиктеги катмардан жылына 1000 тонна ак суутек өндүрүү мүмкүн Өндүрүлгөн суутекти жергиликтүү компаниялар жана жылуулук тармактары колдонушу мүмкүн. Ошондой эле ошол эле катмарлардан алынган ысык сууну үйлөрдү жылытуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар

Германия ак суутек өздөштүрүүнү пландаштырууда | Tenqri