"Формула-1" жарышы Бахрейн менен Сауд Аравияда өтпөй калды
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Эл аралык автомобиль федерациясы (FIA) жана "Формула-1" жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу апрель айында Бахрейн менен Сауд Аравиясынын Гран-при жарыштарын өткөрбөй турган болду. Бул тууралуу FIA жарыялаганын Коммерсант гезити жазды Маалыматка ылайык, бир

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Эл аралык автомобиль федерациясы (FIA) жана "Формула-1" жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу апрель айында Бахрейн менен Сауд Аравиясынын Гран-при жарыштарын өткөрбөй турган болду. Бул тууралуу FIA жарыялаганын Коммерсант гезити жазды Маалыматка ылайык, бир нече альтернативдүү варианттар каралып жатканы менен, акыры апрель айында мелдешти өткөрбөө чечими кабыл алынган Бахрейн Гран-приси 10-12-апрелге, ал эми Сауд Аравиясынын раунду 17-19-апрелге белгиленген. Алмаштыруучунун жоктугунан чемпионат дээрлик беш жумалык тыныгууга туш болот. 27-29-мартта Япониянын Гран-присинен кийин, кийинки айлампа 3-майда Майамиде өтөт


