Enerji reformu: Turuktuulukka zhana onүgүүgԩ bagyttalgan kadamdar
Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадам таштоодо. Узак жылдар бою тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болуп келген негизги маселе — электр энергиясынын реалдуу наркы менен берилген тарифтин ортосундагы чоң ажырым эле. Электр энергиясы сырттан кымбат баада сатып алынып, калкка өзд

Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадам таштоодо. Узак жылдар бою тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болуп келген негизги маселе — электр энергиясынын реалдуу наркы менен берилген тарифтин ортосундагы чоң ажырым эле. Электр энергиясы сырттан кымбат баада сатып алынып, калкка өздүк наркынан төмөн баада берилип келгендиктен, модернизация иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Советтер союзу учурунда курулган инфраструктура эскирип, авариялык абалга кептелген. Бирок акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылып жаткан реформалар бул тармакты түп-тамырынан өзгөртүүгө бет алды. Өлкө башчысы келечекти ойлоп, канчалык оор болсо да энергетика тармагын жаңылоого киришти. "Кабар" агенттиги бул ирет тармактагы көйгөйлөр жана аларды чечүү багытындагы стратегиялык кадамдарга саресеп салат Эскирген жабдууларды жаңыртууга багытталган тариф саясаты Энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, тарифтик саясаттын кайра каралышы тармакка ири инвестициялардын агылышына жол ачты. Бул жөн гана баанын өзгөрүлүшү эмес, тармакты модернизациялоого багытталган стратегиялык кадам болду Буга чейин президент Садыр Жапаров 1950-1960-жылдары курулган Токтогул ГЭСинен баштап, Күрпсай ГЭСи жана башка ГЭСтердин бардыгы буга чейин оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүн билдирген Энергетика тармагын модернизациялоонун натыйжасында төмөнкүдөй алгылыктуу иштер жасалды: “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК маалымдагандай, өткөн жылы өндүрүштүк жабдууларды жаңылоого жана капиталдык оңдоого олуттуу каражаттар багытталды. Бул каражаттардын эсебинен бир катар стратегиялык объектилерде реконструкция иштери жүргүзүлдү. Натыйжада электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулап, авариялык кырдаалдардын саны кыскарды. Дал ушул жетишкендиктердин бардыгы тариф саясатынын негизинде келип чыкты 2025-жылдын 1‑майынан тартып, калк үчүн энергиянын киловатт‑саатына болгон баа 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга өзгөргөн. Мындай жагдай 23,8 % га чейинки өсүш алып келди. Ошону менен катар күнүмдүк бюджетке оорчулук келтирбей туруп, бирок ошол аз гана кошумча киреше аркылуу энергетика тармагында бир катар жакшыртуулар жана техникалык жетишкендиктерге шарт түздү Эң төмөнкү тариф — Кыргызстанда Кыргызстандын тарифтик саясаты коңшу өлкөлөр менен салыштырганда дагы деле эң жогорку социалдык жоопкерчиликти сактап келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы 190 миң абонент тоолуу аймактарда чектөөсүз тариф менен пайдаланып жатат — 1 кВт⋅саат үчүн 1,37 сом төлөнөт Социалдык чекке ылайык, 43 миңден ашык абонент айына 700 кВт⋅саатка чейин 50 тыйындан төлөйт, андан ашса — 2,60 сом. Токтогул району менен Каракөл шаарында жеңилдетилген тариф бар: 150 кВт⋅саатка чейин 22 тыйындан, андан кийин 1,37 сом Тарифтердин 2025-жылдын 1-майынан тарта 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга өзгөрүшү (23,8% өсүш) энергетика тармагына дем бергени менен, калктын аялуу катмары үчүн жеңилдиктер сакталып калды Мисалы, "Бала Береке" же башка социалдык программалардын алкагында колдоого муктаж 43 миңден ашык абонент 700 кВт⋅саатка чейинки энергияны болгону 50 тыйындан төлөшөт. Ошондой эле тоолуу аймактардагы 190 миң абонент үчүн керектөөгө чектөө коюлган эмес Тарифтик саясаттын максаты эмнеде? Энергетика — бул өзүн-өзү камсыздап туруучу система болушу керек болгон тармак. Адистер белгилегендей, узак жылдар бою тарифтердин экономикалык негиздемеден төмөн деңгээлде кармалышы инфраструктуранын эскиришине алып келген. Ошондуктан тарифтик саясаттагы өзгөрүүлөрдүн негизги максаты — тармакты каржылык жактан туруктуу абалга жеткирүү Бул кадам төмөнкү багыттарды камсыздоого багытталган: Эксперттердин пикиринде, энергетика тармагындагы инвестициялар — бул узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн негизи. Себеби ишенимдүү энергия болмоюнча өнөр жай, чакан жана орто бизнес, айыл чарба толук кандуу өнүгө албайт Өсүп жаткан керектөө жана келечекке көз караш Кыргызстандын экономикасы өскөн сайын электр энергиясына болгон муктаждык да кескин өсүүдө. 2022-2025-жылдар аралыгында тутумга 97 миңге жакын жаңы абонент кошулган. Бул көрсөткүч жаңы ишканалардын ачылышы жана курулуш тармагынын активдүүлүгү менен байланыштуу. Керектөөнүн көлөмү 2025-жылы 19 094 миллион кВт⋅саатка жетип, мурунку жылдарга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров учурда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу 20 млрд киловатт кубаттуулукка жеткенин айткан Бүгүнкү күндөгү тарифтердин бир аз болсо да өзгөрүшү — бул эртеңки күндүн энергетикалык коопсуздугуна салынган инвестиция. Бул модель социалдык тең салмактуулукту сактоо менен бирге, туруктуу жана сапаттуу энергиянын кепилдиги болуп саналат. Энергетикадагы бүгүнкү чечкиндүү кадамдар — келечек муундар үчүн жарык жана өнүккөн мамлекетти калтыруунун бекем пайдубалы