Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Дүйнөлүк банк Өзбекстанда газ жоготууларын азайтуу долбооруна грант бөлдү

Ташкент, 16.03.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Өзбекстанда газ жоготууларын азайтуу боюнча долбоорду ишке ашырууга 10,6 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди Долбоордун максаты — "Узтрансгаз" мамлекеттик компаниясынын

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Дүйнөлүк банк Өзбекстанда газ жоготууларын азайтуу долбооруна грант бөлдү
Paylaş:

Ташкент, 16.03.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Өзбекстанда газ жоготууларын азайтуу боюнча долбоорду ишке ашырууга 10,6 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди Долбоордун максаты — "Узтрансгаз" мамлекеттик компаниясынын эскирген газ ташуу тармагындагы газ жоготууларын аныктап, аларды азайтуу механизмин түзүү. Бул жаратылыш газын үнөмдөөгө жана аны өлкөдөгү калкты, ошондой эле өндүрүш ишканаларын туруктуу камсыздоого мүмкүндүк берет Билдирүүдө айтылгандай, Өзбекстандын газ ташуу тармагы узак убакыттан бери жетиштүү оңдолбой, техникалык тейлөөгө каражат аз бөлүнгөндүктөн эскирип кеткен. Мунун айынан газ жоготуулары көбөйүп, каржылык чыгымдар жаралууда Адистердин баамында, эгерде зарыл болгон иштер жүргүзүлбөсө, 2030-жылга чейин газ жоготууларынын көлөмү 1,75 млрд куб метрге жетиши мүмкүн. Бул болжол менен 228 млн доллар кирешеден айрылууга барабар Долбоордун алкагында жүргүзүлө турган оңдоо иштеринин натыйжасында 2029-жылга чейин жыл сайын болжол менен 47,5 миң метрдик тонна газ жоготуусунун алдын алуу пландалууда. Мунун аркасында жылына болжол менен 18 млн долларга чейин каражат үнөмдөлөт деп күтүлүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Дүйнөлүк банк Өзбекстанда газ жоготууларын азайтуу долбооруна грант бөлдү | Tenqri