Дипломатиялык бурулуш: Кыргызстан кантип дүйнө жүзүнө таанылууда?
Кыргыз мамлекети быйыл эгемендиктин 35 жылдык мааракесин белгилегени турат. Бул күнгө өлкөбүз экономикалык жетишкендиктер, ишке ашырылып жаткан стратегиялык чоң долбоорлор, ачылып жана курулуп жаткан ГЭСтер, күн станциялары, өндүрүштөр, социалдык объекттер жана жүздөгөн башка жаңылыктары менен бара

Кыргыз мамлекети быйыл эгемендиктин 35 жылдык мааракесин белгилегени турат. Бул күнгө өлкөбүз экономикалык жетишкендиктер, ишке ашырылып жаткан стратегиялык чоң долбоорлор, ачылып жана курулуп жаткан ГЭСтер, күн станциялары, өндүрүштөр, социалдык объекттер жана жүздөгөн башка жаңылыктары менен бара жатат. Ошол эле убакта мамлекеттин ийгилиги ички экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөр менен эле ченелбей турганын эске алуу керек. Өлкөнүн чыныгы эл аралык салмагын, геосаясий кадыр-баркын жана дүйнөлүк аренадагы ордун сырткы дүйнөнүн ишеними аныктайт. Бул жагынан Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүлүн ала алды Алыс барбай эле мындан беш жыл арттагы окуяларды карасак, бир мектептин курулушу чоң жаңылык, фонтандын ачылышы кадимкидей майрам эле. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр туурасында сөз да жок болчу. Азыр социалдык объекттер эле эмес, ири транзиттик, логистикалык түйүндөр курулуп, энергетикалык, туристтик ири долбоорлор ишке ашырылып, жылына 100 өндүрүштүн ишке кирүүсү кадимки көрүнүшкө айланды. Президент Садыр Жапаровдун бийлиги ыкчам жана чечкиндүү иштөө темпиний үлгүсүн көрсөтүп жатат. Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча Борбордук Азияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундарды ишенимдүү кармап турат Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курула баштаганы Кыргызстанды дүйнөлүк деңиз жолдоруна жана негизги соода хабдарына туташтырган транзиттик мамлекетке айлантат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун жанданышы жана ондогон чакам ГЭСтердин, күн электр станцияларынын ишке кириши өлкөнү жакынкы келечекте таңсыктыктан чыгарып, энергиянын экспорттоочусуна айлантат деп үмүт артып жатабыз Өлкөнүн мындай көрсөткүчтөрү дүйнөлүк коомчулук үчүн жөн эле цифра эмес. Эл аралык абройлуу финансылык институттар Кыргызстанды тез өнүгүп жаткан экономика деп тааныганы, биздин мамлекетке аброй жана ишеним алып келди. Натыйжада Кыргызстан акыркы жылдары тышкы саясатта, деги эле кыргыз дипломатиясында мурда болуп көрбөгөн окуяларга күбө болууда Муну өлкөдө иштеп жаткан чет элдик дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү да жогору баалап жатышат. Маселен, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи жогорку деңгээлде баратканын Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже Бишкекте өткөн ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өзгөчө белгиледи Мындан 15 жыл мурун Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болгондо добуш топтой албай койгон эле. 2026-жылы БУУнун дээрлик 142 өлкөсүнүн добушуна ээ болуп, тарыхта биринчи жолу эл аралык уюмдагы чечим кабыл алуучу позицияга ээ болду. Кечээ жакында эле ички саясий каатчылыктан башы чыкпай, чек ара маселелерин чече албай келген өлкө, бүгүн дүйнөнүн коопсуздугу менен тынчтыгын аныктай турган мамлекеттердин катарына кошулду Дээрлик 20 жыл бою авиация тармагындагы алсыздык, коррупциянын, кемчиликтердин кесепетинен Кыргызстан Европага түз уча албай калган. Бийлик тийиштүү чараларды көрүү менен Еврокомиссияны ынандырып, асман жолдору ачылды. Бул чечим Кыргызстандын авиациялык системасы коопсуздуктун эң бийик дүйнөлүк стандарттарына жооп берерин бүткүл дүйнөгө далилдеди Тоолуу өлкө болгондуктан климаттык өзгөрүүлөрдүн соккусуна биринчи кабылып келген Кыргызстан учурда БУУнун деңгээлинде глобалдык тоо күн тартибин жана экологиялык дипломатияны жетектөөчү негизги лидер катары таанылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУ бир добуштан 2023–2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялады. 2027-жылы Кыргызстан тарыхый мааниге ээ болгон Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрөт. Анда дүйнөлүк лидерлер, БУУнун жетекчилиги жана окумуштуулар Бишкекке чогулуп, планетанын тоолуу аймактарын сактап калуунун жаңы стратегиясын кабыл алары күтүлүүдө Учурда дүйнөнүн дээрлик 185 өлкөсү менен алака куруп жатат. Тарыхта биринчи жолу Африка континентинде элчилигин ачып, Гвинея-Бисау, Ботсвана, Буркина-Фасо, Белиз, Сомали, Гондурас, Эсватини, Габон, Папуа, Багам аралдары, Танзания жана Принсипи сыяктуу экзотикалык өлкөлөр менен катыша баштадык Кыргызстандын саясий салмагын күздө өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити дагы да арттырары күтүлүүдө. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 20дан ашык өлкөнүн президентин күтүп алат. Бул жөн гана дипломатиялык жеңиш эмес, бул дүйнө коомчулугунун Кыргызстанды туруктуу, жоопкерчиликтүү жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү өнөктөш катары тааныганынын айкын далили Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк экономика боюнча изилдөөчү окумуштуу, Кыргызстандын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин эксперти Замир Айылчыев өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы өзгөрүүлөргө башкы себепчилерди атады Эксперттин пикиринде, ички өсүштү туруктуу сактап калуу үчүн сырткы ишеним маанилүү. Ири глобалдык корпорациялар жана фонддор коопсуз, туруктуу, эл аралык ишенимге ээ болгон өлкөлөргө коркпой капитал салышат. Бул жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр, казынага түшүп, кайра чөнтөгүбүздөн орун ала турган кирешелер, айлыктар жана пенсиялар


