Депутаттар аскер бөлүгүндө: Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин көчмө отуруму уюштурулду Ведомстводон билдиришкендей, депутаттар аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү, аскер кызматын өтөөнүн шарттары, өздүк

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин көчмө отуруму уюштурулду Ведомстводон билдиришкендей, депутаттар аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү, аскер кызматын өтөөнүн шарттары, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын уюштуруу жана мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү таянган материалдык-техникалык база менен таанышты Отурумдун жүрүшүндө коргоо министри Руслан Мукамбетов депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берип, аскердик инфраструктуранын абалы жана аны өнүктүрүү, материалдык-техникалык камсыздоо, ошондой эле Куралдуу күчтөрдү заманбап курал-жарак жана аскердик техника үлгүлөрү менен жабдуу маселелери тууралуу маалымат берди Иш-чаранын алкагында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев Куралдуу күчтөрүнүн 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады Баяндамада армияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары, күжүрмөн даярдыктын жыйынтыктары, оперативдик жана мобилизациялык даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жана өздүк курамдын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди Мындан тышкары, депутаттарга республикалык бюджеттин каражатына алынган курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлүп, күжүрмөн даярдыкта өздүк курам кандай колдоноору дагы көрсөтүлдү Комитеттин өкүлдөрү аскер кызматчылары менен баарлашуу өткөрүп, анын жүрүшүндө кызмат өтөөнүн шарттары жана өздүк курамдын күнүмдүк ишмердүүлүгү менен таанышты Көчмө отурумдун жыйынтыгында тараптар Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүн мындан ары өнүктүрүү жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо маселелерин талкуулашты


