"Dagy ele tiruusunbu deshet." HIV zhukkan baldar, 20 yaşında berki azap
2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет кан куюу жолу менен дарыгерлердин шалаакылыгынан жукканы

2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет кан куюу жолу менен дарыгерлердин шалаакылыгынан жукканы айтылып, соттук териштирүүлөр жүргөн. Алгач ВИЧ 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сан 422ге жетти Оору жуккан ошол жылдары биздин каарман Кудрет 1,5 жашта гана болгон: “Өзүм Кара-Суудан болом. 1,5-2 жашымда ушул ооруну жугузуп алгам ооруканадан, дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан мага дагы жугузушкан. Азыр 17 жылдан бери ушул оору менен бирге жашап, бирге тил табышып, бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз. Менин ичимде дагы кимдир бирөө бардай сезилет. Ооруну билген кезде 9-10 жашта элем" Ош облусунун тургуну Асел учурда 22 жашта. Ал оору жукканы кеч, 12 жашында гана билингенин айтып берди: "12 жашымда баса албай калганымда ушул оору экенин аныкташкан. Кардиологияда жаткан учурда дарылоо таасир бербей калган, ошондо ВИЧке анализ тапшыртышкан. Анан тергөө болуп, бир жашымда ооруканадан жукканы айтылган. Ата-энем кичинекей кыз ВИЧ менен оорубайт, каяктан жуктуруп алат, 18+ менен иштегендер ооруйт деп айтышкан. Ошентип менден жашырып жүрүшүп мен баса албай калыпмын. Статусум билингенден кийин да бир жыл дары ичкен эмесмин. Анан баса албай калганда гана СПИД борборуна барганга аргасыз болгом. Ата-энем ишене алган эмес. Эмнеге дегенде мен башка балдардай эле ойноп жүрчүмүн. Ал кезде бутум ооруп, шишип, ревматизмден дарыланат элем” Биздин кийинки каарманыбыз Алишер Ноокаттан болот: "Дээрлик бир жыл ата-энем билген эмес. Кийин температура түшпөй, ооруканага алып барса ошондой оору жугуптур. Бирок ата-энемде, башка бир туугандарымда андай нерселер жок. Ошо медицинадан, ооруканадан жуктуруп алып, 19-20 жылдан бери ушул оору менен ооруйм Дарт жуккан балдардын көбү Ош, Манас шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Айрымдары чөйрөсүндөгү кодулоодон башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон “Бул оору менен ооругандарга кайдыгерлик көп боло турганын түшүндүм. Элден дискриминация, кодулоо көп болот экен. Көп нерсени ачык айта албай, жашырып жүрүшөт экен ВИЧ менен ооругандар. Ошонусу кыйын экен. Анан ВИЧ жаман оору деп элдин мээсине сиңип калыптыр. Мисалы, муну жыныстык жол менен гана жугат же баңгизат колдонгон учурда ооруп калышы мүмкүн деп ойлошот. Ооруканадан жуккан десек, көбү ишенбейт да”, - деди Асел "Албетте, биринчи билген учурда стресс, үйдөн чыкпоо, интернеттен ушул гана темаларды көрүп калгам. Коомдогу мамилени, интернеттеги комментарийлерди окуп өзүмдү таштандыдай сезгем. Тамак ичпей, ал тургай суу дагы ичпей койгом алгач уккан учурда”, - деп эскерди Кудрет Илдет жукканы Алишер досторунан оолактап, бара-бара жалгыз калган “Мен биринчи бул эмне болгон оору экенин түшүнгөн эмесмин. Балдар менен кадимкидей балдарга кошулуп, дос катары эле жүрчү элем. Өзүм дагы апамдан кызыгып сурай берчүмүн эмне оору, эмнеге дары ичем деп. Апам түшүндүрбөй эле ВИЧ деп койгон. Анан 4-класска жеткенде билбей эле классташтарыма айтып койгом. Ошондон кийин досторумдан чектелип, кошулбай калдым. Үйдө деле менин идиш-аягымды бөлүп коюшкан. Эмнеге экенин сурасам “агаңа, эжеңе, бизге жукпаш үчүн” деп койгон. Мен деле ошондой окшойт деп эле жүрчүмүн. Көрсө, идиш-аяктан жукпайт экен да, ата-энем ал тууралуу маалыматы жок болгон үчүн ошондой кылышыптыр. Мен өзүмө окшогон 3-4 баланы билет элем. Кыргызстанда мендей балдар көп экен” Бала күнүнөн тартып эле коомдун өгөйлөгөн көз карашына туш болгон балдар бой тарткандан кийин өзүн жалгыз сезген абалда көп болушарын айтып беришти. Айрымдары ушул күнгө чейин дарты тууралуу туугандарына айткан эмес “Биринчи жолу досторума айтып көргөм. Алар башында мени менен баарлашууну уланткан, бирок мурдагыга караганда алысташкан. Күндө көчөгө чакырган досторум келбей калган. Айлап чалбай, жазбай, эстебей дагы коюшту. Ошондой көйгөйлөр болгон. Азыркы учурда алар такыр эле жоголуп кетишкен. Анан кийинчерээк башка досторума өзүмдү айтпай эле, мисал катары ошондой досум бар, силер кандай кылат элеңер деп айтып көргөм. Ошол учурда биз тамак ичип олтурган элек. «Ал бала менен кол берип дагы учурашпашың керек, ошондон дагы жугат» деп айтышканы абдан таң калтырган. Эгер мен ошондой болсомчу дегенде, алар “биз тамакты таштап чыгып кетет элек” деп айтышкан. Ошондо ичимден абдан башкача болгом. Ал сезимди сөз менен айтып бере албайм”, - дейт Кудрет ВИЧ - иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жугузуп алган адамдар көп жыл бою - 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт жана кийин адам тез-тез ооруйт Асел бул дарттын айынан кодулоо, стигмага туш болгон учурларды айтып берди: “Ооруп калсаң кайдыгерлик көп болот. Дарыгерлер диагноз койбой эле ушул ооруга төңкөп коюшат. Оооруканаларда дискриминация көп болот. Статусуңду ачыктап, “ушул адам ВИЧ менен ооруйт” деп бакырып салат ооруканаларга барганда” Кудрет медицина кызматкерлери кемсинткен учурлар дагы көп болорун айтты: “Ар бир жерде дискриминация бар, ажыратуу, кемсинтиш бар. Бир гана жөнөкөй адамдар эмес. Эми аларды түшүнсө болот. Эмнеге дегенде аларда бул оору тууралуу маалымат жок. Бул эмне экенин деле билишпейт. Бирок дарыгерлердин маалыматы бар, болушу керек. Анткени алар окуган, билим алышкан ушул багытта. Бирок маалыматы жок экени өкүндүрөт. Мен кан тапшырганы кирсем дагы өзүңдүн медайымыңа бар деп жөнөтүп салышат. Мурда бизди көрүп жүргөн дарыгерлер “сен дагы эле тирүүсүңбү, кичине кезиңде ооруну жугуздуң эле ” деген суроолорду дагы беришкен. Адамгерчилик жактан алганда деле “сен дагы эле өлө элексиңби деп сураганы” жүрөккө катуу тийет”