Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Бишкекте унаанын ичинде эркек киши өзүн аткан

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында GAC үлгүсүндөгү унаадан 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын ок тийген абалдагы сөөгү табылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришти Маалыматка ылайык, окуя Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкеттик залдардын б

1 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Бишкекте унаанын ичинде эркек киши өзүн аткан
Paylaş:

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында GAC үлгүсүндөгү унаадан 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын ок тийген абалдагы сөөгү табылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришти Маалыматка ылайык, окуя Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкеттик залдардын биринин жанында болгон Ыкчам-тергөө тобунун кароо жүргүзүүсү учурунда маркумдун жанынан мылтык, 13 даана ок, бир гильза, эки уюлдук телефон, ошондой эле маркум калтырган коштошуу каты жана башка далил буюмдар табылган Алдын ала соттук-медициналык кароонун жыйынтыгына ылайык, маркумдун көкүрөк тушунда ок жаракаттары аныкталган Ал карыздык милдеттенмелерине байланыштуу өз жанын кыйган болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтарына ылайык, аталган жаран сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капалов болгондугу айтылууда