Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда ири өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo компаниясы көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту Ведомстводон маалымдашкандай, документке экономика министри Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду Бул өнөктөштүк өл

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда ири өнөр жай көргөзмөсү өтөт
Paylaş:

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo компаниясы көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту Ведомстводон маалымдашкандай, документке экономика министри Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду Бул өнөктөштүк өлкөдө көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана кыргыз продукциясынын экспорттук дараметин эл аралык деңгээлде кеңейтүүгө багытталган. Мамлекет менен жеке сектордун мындай кызматташтыгы B2B жана B2G форматындагы байланыштарды чыңдоого шарт түзөт Меморандумдун алкагында үстүбүздөгү жылдын 4-6-июнь күндөрү Бишкекте эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул иш-чара Кыргызстанда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмесине туш келет Көргөзмөгө ата мекендик өндүрүүчүлөр менен катар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн – Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстандын ири компанияларынын катышуусу күтүлүүдө Бул демилге чет элдик инвесторлорду тартууга, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн чет өлкөлүк рыноктордогу позициясын бекемдөөгө жана Кыргызстанды эл аралык бизнес-форумдар өтүүчү негизги аянтча катары таанытууга өбөлгө түзөт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда ири өнөр жай көргөзмөсү өтөт | Tenqri