"Бишкек+25" саммитине кадам: Тоолуу экосистемаларды изилдөө талкууланды
Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Президенттин администрациясында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү Кеңешме аймактык жана чет элдик илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин тоолуу экоси

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Президенттин администрациясында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү Кеңешме аймактык жана чет элдик илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин тоолуу экосистемаларды жана тоолуу жамааттарды изилдөө үчүн бириктирүүгө арналган Кеңешме президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тарабынан илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова менен биргеликте уюштурулду Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын, президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун, өлкөнүн башка илимий мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты Кеңешмени ачып жатып, президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышуучуларга 2027-жылдын октябрь айында өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берип, өлкөнүн илимий дараметин Кыргызстандын тоолуу экосистемаларында жүрүп жаткан негизги процесстерди изилдөөгө багыттап, бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү учурдагы иштер жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган илимий-билим берүү демилгелерин өнүктүрүү тууралуу маалымат берди Талкуунун жүрүшүндө илимий-изилдөө коомчулугунун өкүлдөрү тоо маселелери боюнча өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, глобалдык жана аймактык деңгээлдеги илимий, изилдөө жана билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен бөлүштү Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандын илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин бирдиктүү изилдөө жана билим берүү платформасын түзүү үчүн мындан ары да координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти