Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Бишкек милициясы Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча маалымат берди

Бишкек милициясы шаар четинде октон каза болгон Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капалов боюнча маалымат берди Маалым болгондой, кечээ, 13-мартта 102 кызматына Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкет залдардын биринин жанында унаанын ичинде

1 gün önce0 görüntülemesuper.kg
Бишкек милициясы Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча маалымат берди
Paylaş:

Бишкек милициясы шаар четинде октон каза болгон Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капалов боюнча маалымат берди Маалым болгондой, кечээ, 13-мартта 102 кызматына Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкет залдардын биринин жанында унаанын ичинде бир адам өзүнө ок атканы тууралуу билдирүү түшкөн "Окуя болгон жерге дароо Ленин райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу чыккан. Кароо учурунда GAC үлгүсүндөгү унаанын ичинде 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын ок тийген абалдагы сөөгү табылды. Окуя болгон жерден 12 калибрдеги Иж-18 үлгүсүндөгү сайсыз мылтык, 13 даана ок-дары, бир гильза, эки уюлдук телефон, ошондой эле коштошуу каты жана башка далил буюмдар алынган Алдын ала соттук-медициналык кароонун жыйынтыгына ылайык, маркумдун денесинен көкүрөк тушунда ок жаракаттары аныкталган. Алынган жаракаттардын мүнөзүн жана деңгээлин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды Алдын ала маалыматтар боюнча, жаран карыз маселелерине байланыштуу өз жанын кыйган болушу мүмкүн Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп кабарланды