Бүгүн Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдумдун алдындагы "жымжырттык күнү"
Бүгүн, 14-мартта Казакстанда жаңы Конституция боюнча республикалык референдумдун жымжырттык күнү Казак басылмалары маалымдагандай, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 15-мартта өтөт. Анда 12 миллиондон ашык шайлоочу добуш бере алат. Добуш берүү участкалары жергиликтүү убакыт боюнча 07:0

Бүгүн, 14-мартта Казакстанда жаңы Конституция боюнча республикалык референдумдун жымжырттык күнү Казак басылмалары маалымдагандай, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 15-мартта өтөт. Анда 12 миллиондон ашык шайлоочу добуш бере алат. Добуш берүү участкалары жергиликтүү убакыт боюнча 07:00дөн 20:00гө чейин иштейт Референдумдун бюллетенинде "2026-жылдын 12-февралында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?" деген гана суроо болот Жалпысынан өлкөнүн Баш мыйзамынын 84 пайызына өзгөртүүлөр кирген