Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Байболот Абытов - Ата денег ким? (эс тутум же ой толгоо) - Мнения АКИpress

Быйыл алгачкы жолу өлкөбүздө Аталар күнү белгиленүүдө. Албетте бул чоң жаңылык, аракеттеги Президентибиздин жакшы демилгелеринин бири экени талашсыз. Мындай майрам бар экенин, мен деле бир жума мурда журналисттерден уктум. Ошондон бери бул маселе бир кыйла ойлонтту, эмне үчүн 15-март Аталар күнү бол

3 gün önce0 görüntülemeakipress.org
Байболот Абытов - Ата денег ким? (эс тутум же ой толгоо) - Мнения АКИpress
Paylaş:

Быйыл алгачкы жолу өлкөбүздө Аталар күнү белгиленүүдө. Албетте бул чоң жаңылык, аракеттеги Президентибиздин жакшы демилгелеринин бири экени талашсыз. Мындай майрам бар экенин, мен деле бир жума мурда журналисттерден уктум. Ошондон бери бул маселе бир кыйла ойлонтту, эмне үчүн 15-март Аталар күнү болуп калды? Аталар орду, ролу мурда кандай эле, азыр кантти, келечекте кандай болушу мүмкүн — деген ойлор келди. Ошолорго байланыштуу, тарыхый эс тутум, кээ бир ой толгоолор менен бөлүшүүнү туура көрдүм Ата ким? Салтту кыргыз коомчулугунда, адатта ар бир үйдүн, үй -бүлөнүн, уул, кыздардын атасы — ошол үйдүн таянар аска-зоосу, бийик тоосу, акылгөй насаатчысы, адилет, катаал жана туруктуу башкаруучусу болгон. Ата үй-бүлөөнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн эгедери, үй-бүлө мураскорун тандоочусу жана ата мурасын уул-кыздарына бөлүштүрүүчү негизги адам. Ата ар бир үй-бүлөнүн орду толгус, негизги, таасын тарбиячысы, нускоочусу Ата – тээ алмусактан бери эле үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун өкүлү, жактоочусу жана коргочусу Ата элдин. Жердин, Мекендин коргоочусу, болочок муундарга ар тараптан үлгү, мекенчил, патриот, улуттук рух, дөөлөттүн, баалуулуктардын балдарына кыздарына жаштайынан сиңирген, тарбиядагы өзгөчө орду, ролу бар сыймыктуу адам болгон Ата бул ар бир үй-бүлөдө улуттук баалуулуктардын, нарк-насилдин, тарбия-таалимдин сактоочусу жана улантуучусу Ата — жаш муундарда тарыхый эс тутумду калыптап, бапестеп кийинки муунга өткөрө турган негизги адам. Мурдагы кыргыз коомунда атанын орду жана ролу ушундай өзгөчө болгон Кыргыз коомчулуугнда ата заманына жараша мурдагы статусун жоготуп, акырындык менен эволюцияны баштан кечирүүдө. Кеңеш доорундагы коммунисттик идеологиянын үй-бүлөлүк теңдик, тең укуктуулук, таалим-тарбия идеясы үстөмдүк кылган учурда, атанын орду кыйла алсыраган. Атанын ордуна үй-бүлөлүк тарбия-таалим ишине мамлекет, мамлекеттик идеология киришкен. Натыйжада атанын, эненин орду, ролу мурдагыга караганда кыйла өзгөрүүгө дуушар болгон. Ошентсе да көптөгөн кыргыз үй-бүлөлөрдө, атанын орду, ролу мурдагы салттуу көрүнүштө, мүмкүнчүлүк болушунча сакталып клганы да шексиз Эгемендүүлүктүн, көз карандысыздыктын алгачкы оош-кыйыш, экономикалык каатчылык, каржылык кыйынчылыктар жылдарында, жыл өткөн сайын эмгек миграциясынын күчөшү, көптөгөн аталардын чет өлкөгө чыгып кетиши, айрыкча аталардын четте болуп калышынын натыйжасында, атанын орду кескин өзгөрө баштаган. Ал жылдары Аталар акырындык менен эволюцияга кириптер болду Аталардын үй-бүлөдөгү орду, ролу өзгөрдү, көп учурда аталар уул-кызадрынын таали-тарбиялык жараяндарына катыша албай, четте калышты, балдар көбүнчө чоң ата, чоң эне, таята, тайэне же туугандардын тарбиясында болуп калышты. Натыйжада ата-баланын ортосунда ажырым пайда болду. Дал ушул жагдайда миңдеген жаш муундарыбыз өсүп чыкты. Миграциянын таасиринен улам бир нече муундагы жаштар «атасыз» өсүп калды Азыркы аталар кандай? Азыр аталар тарбиялык жараянга жетишсиз катышууда. Аталардын социалдык, моралдык, атуулдук жоопкерчилиги төмөндөп кетти. Азыркы уул-кыздарды ата-эне эмес, телефон, социалдык тармактар, ар тараптуу, көбүнчө бизге жат маданий үлгүлөр аркылуу тарбияланып жатат. Ата менен баланын ортосунда мурдагыдай салттуу, баалуу байланышы жок, ажырым сезилип калды.… Келечектеги аталар кандай болуусу керек? Келечекте улуттук баалуулуктарды, нарк насилди камтыган, гумандуу, балдардын физикалык эле эмес,интеллектуалдык жана руханий тарбиясына, өсүшүнө жигердүү салым кошкон, балдардн жашоосундагы жакын колдоочусу, жандоочусу, ишенимдүү ынагы болушу ыктымал. Келечектеги аталар, телефон, жасалма интеллект аркылуу эмес, ата-бабаларыбыздын салтын, мурасын, акыл-насааттарын заманбап, жаңы баалуулуктар менен айкалыштыра ала турган аталар болуш керек деген ойдомун. Ата үй-бүлөнүн эле эмес, коомдун, мамлекеттин зор таянычы болгон, болуп жатат жана боло берет Баарыңыздарды бүгүнкү Аталар күнү менен куттуктаймын!!! Профессор Байболот Абытов

Diğer Haberler

Байболот Абытов - Ата денег ким? (эс тутум же ой толгоо) - Мнения АКИpress | Tenqri