Баткен шаарында 375 орундуу мектеп курулат – эскиздери
Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Ак-Өрүк тилкесинде 375 орундуу заманбап мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти Мектеп Дүйнөлүк банк менен министрлер кабинетинин ортосундагы кызматташуу жаатында кол коюлган макулдашуунун алкагында курулуп, АРИС уюму т

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Ак-Өрүк тилкесинде 375 орундуу заманбап мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти Мектеп Дүйнөлүк банк менен министрлер кабинетинин ортосундагы кызматташуу жаатында кол коюлган макулдашуунун алкагында курулуп, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылат Учурда мектептин долбоорлоо жана документтештирүү иштери аяктап, тендерге берилген Мектептин айланасында кичи футбол аянтчасы жана баскетбол аянтчалары да каралган. Мектептин курулушу быйыл башталып, келерки жылга пайдаланууга берилүүсү күтүлөт Белгиленгендей, мектеп бир нөөмөттө 375 окуучуга ылайыкташтырылган, эки нөөмөттө 700дөн ашуун окуучу билим алса болот


