Балдардын жайкы эс алуусун кантип пайдалуу өткөрсө болот? Бишкектеги акысыз ийримдер
Жайкы каникул балдардын жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, чыгармачылыгын жана талантын өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу мезгил. Бирок көпчүлүк учурда окуучулар бош убактысынын басымдуу бөлүгүн телефон жана башка гаджеттер менен өткөрүшөрү сыр эмес. Мунун ордун Бишкек шаарындагы балдар үчүн акысыз иштеген чыгармач

Жайкы каникул балдардын жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, чыгармачылыгын жана талантын өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу мезгил. Бирок көпчүлүк учурда окуучулар бош убактысынын басымдуу бөлүгүн телефон жана башка гаджеттер менен өткөрүшөрү сыр эмес. Мунун ордун Бишкек шаарындагы балдар үчүн акысыз иштеген чыгармачылык борборлор, спорттук жана техникалык ийримдер менен алмаштырууга болот. Алардын жардамы менен окуучулар каникулду кызыктуу жана пайдалуу өткөрө алышат Свердлов районундагы Балдар чыгармачылык борбору Свердлов райондук Балдар чыгармачылык борборунда балдардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана техникалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү акысыз ийримдер иштейт. Бул жерде эрте өнүктүрүү, англис тили, шахмат, менталдык арифметика, компьютердик сабаттуулук, комуз, ооз комуз, элдик жана заманбап бий, сүрөт жана кол өнөрчүлүк, авиамоделдөө, актёрдук чеберчилик, сахнада сүйлөө, гитара, вокал жана башка техникалык багыттар боюнча сабактар өтүлөт Борбордун негизги имараты Жумабек көчөсү, 109 дарегинде жайгашкан Мындан тышкары Ялта көчөсү, 100, Аламүдүн-1 кичи району, 77, Восток-5 кичи району, Мамбетов көчөсү, 1/3 жана Алма-Ата көчөсү, 424 даректеринде филиалдары иштейт Октябрь районундагы “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борбору “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борборунда 70тен ашуун акысыз ийрим уюштурулган. Балдар сүрөт, дизайн жана кол өнөрчүлүк менен алектенип, бий, вокал жана театр өнөрүн өздөштүрө алышат. Ошондой эле шахмат, ушу, дзюдо, бокс, теннис, робототехника, авиамоделдөө, англис тили, логика жана чечендик өнөр боюнча да билим алуу мүмкүнчүлүгү бар Ийримдер борбордун өзүндө гана эмес, бир катар мектептерде жана кичи райондордогу клубдарда да өткөрүлөт Борбор 3-кичи район, 14/1 дарегинде жайгашкан Ленин районундагы Балдар чыгармачылык борбору Ленин райондук Балдар чыгармачылык борборунда 48 акысыз ийрим иш алып барат. Бул жерде сүрөт жана кол өнөрчүлүк, хореография, вокал, комуз, тележурналистика, IT жана санарип технологиялары, авиамоделдөө, спорттук жана улуттук оюндар боюнча сабактар уюштурулат Борбор Бакаев көчөсү, 130 дарегинде жайгашкан Биринчи май районундагы Балдар чыгармачылык борбору Биринчи май райондук Балдар чыгармачылык борборунда 46 акысыз ийрим бар. Балдар робототехника, сүрөт, аппликация, оригами, комуз, вокал, фольклор, театр, бий, англис тили, программалоо, медиа, "Манас таануу" жана шахмат боюнча билим ала алышат Борбор Токтогул Молдо көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан Жаш техниктер станциясы Жаш техниктер станциясы техникалык чыгармачылыкка кызыккан балдар үчүн акысыз билим берүүчү борбор болуп саналат. Бул жерде робототехника, IT, авиа жана автомоделдөө, туризм, спорт, музыка, сүрөт жана чыгармачылык боюнча ийримдер иштейт. Учурда сабактар Ленин районундагы мектептердин базасында өткөрүлүп жатат “Кыргызстан балдары” окуучулардын чыгармачылык борбору “Кыргызстан балдары” борбору Бишкектеги эң ири кошумча билим берүү мекемелеринин бири. Бул жерде 63 акысыз ийрим иштеп, балдар хор, вокал, бий, комуз, фортепиано, театр, актёрдук чеберчилик, сүрөт, тигүү, кол өнөрчүлүк, 3D-моделдөө, информатика, чечендик өнөр, шахмат, тогуз коргоол, гимнастика жана экология багыттары боюнча билим алышат Борбор Шакиров көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, каникул маалында балдар жаңы өнөр үйрөнүп, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүп, бош убактысын пайдалуу өткөрө алышат Ошондой эле мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө жараша айрым ийримдердин убактылары өзгөрүшү мүмкүн. Андыктан, алгач тактап алуу сунушталат Китепканалар — пайдалуу эс алуунун дагы бир багыты Бишкекте каникул учурунда балдар үчүн мэрияга караштуу китепканаларда да кызыктуу программалар уюштурулуп турат Балдар үчүн дагы кызыктуу жайлардын бири — К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы. Бул жерде жаш окурмандар үчүн адабий жолугушуулар, китеп көргөзмөлөрү жана өнүктүрүүчү иш-чаралар өткөрүлүп турат Дареги: Жусуп Абдрахманов көчөсү, 192 Ошондой эле Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер иш алып барууда. Балдар бул китепкананын базасында өткөрүлүүчү чыгармачылык, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга катыша алышат Жайкы ийримдер каникул убагында күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт Дареги: Насирдин Исанов көчөсү, 78 Андан сырткары балдар жана өспүрүмдөр үчүн кызмат көрсөткөн Ж. Бөкөнбаев атындагы №18 шаардык балдар китепканасы бар. Ал акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин ысымын алып жүрөт. Китепкана жаш окурмандар үчүн китеп окуу, билим берүү жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү борбор катары кызмат кылып келет Дареги: Манас проспектиси, 63А


