Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Айдоочуларга эскертүү! Айрым унаа жолдорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты Ага ылайык, 15-18-мартта күтүлгөн туруксуз аба ырайынан улам, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана айрым унаа жол, ашууларында кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот Кызмат төмөнкү жолдордо этият болууну

1 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Айдоочуларга эскертүү! Айрым унаа жолдорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Paylaş:

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты Ага ылайык, 15-18-мартта күтүлгөн туруксуз аба ырайынан улам, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана айрым унаа жол, ашууларында кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот Кызмат төмөнкү жолдордо этият болууну эскертет: Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу); Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында; Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу); Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендиги белгиленет