Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Ata mekendik onundurushko basym: Importko bolgon koz karandylyk azayuuda

Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү – экономикалык саясаттагы маанилүү багыт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жергиликтүү ишканалардын көбөйүшү экономиканын өсүшүнө чоң салымын кошот Күн мурун презид

3 gün önce0 görüntülemekabar.kg
Ata mekendik onundurushko basym: Importko bolgon koz karandylyk azayuuda
Paylaş:

Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү – экономикалык саясаттагы маанилүү багыт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жергиликтүү ишканалардын көбөйүшү экономиканын өсүшүнө чоң салымын кошот Күн мурун президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты “Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30 пайыз экспорттоп, 70 пайыз импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60 пайызга чейин азайды”,-деди Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын экспорту 2,8 млрд долларды түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөткөн көлөмү 1,1 млрд доллар болгон Өлкөнүн негизги экспорттук өнөктөштөрү — Россия (22,9%), Казакстан (15,9%), Швейцария (15,4%), Өзбекстан (14,2%), Улуу Британия (8,2%), Кытай (5,4%), Бириккен Араб Эмираттары (4,3%) жана Түркия (2,7%) өлкөлөрү. Бул багыттагы соода мамилелерин чыңдоо үчүн министрлер кабинети тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүүдө Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо механизмдери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев "Кабар" агенттигине быйыл экспорттоочуларга карата бир нече колдоо механизмдери киргизилип жатканын белгиледи Анын айтымында, ата мекендик өндүрүшчүлөргө пилоттук негизде жеңилдетилген насыялар берилип баштайт. Бул долбоорду ишке ашыруу механизми министрлер кабинети тарабынан бекитилген Бул демилгелердин ийгиликтүү ишке ашуусуна министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн шарттар чоң өбөлгө болууда Өлкө өзүн 6 азык-түлүк менен камсыздоого жетишти Жигердүү өнүгүү жолунда кетип бара жаткан өлкө акыркы жылдары өзүн 6 азык-түлүк продукциясы менен камсыздоого жетишти. Алар: жашылча-жемиштер, картошка, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, кант жана жумуртка Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2020–2025-жылдар арасы мамлекеттин өзүн камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулаган: Бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан азык-түлүк коопсуздугу программасынын натыйжасы болуп саналат Импорттон көз карандылыкты жойгон завод Президент өз сөзүндө ошондой эле жакында Кара-Балта шаарында балык жемин чыгаруучу завод ишке киргенин билдирди “Тянь-Шань форель” ишканасынын негиздөөчүсү Илгиз Шаменов “Кабар” агенттигине билдиргендей, завод Кыргызстандын рыногун толугу менен камсыздай алат Өлкө чыгарып жаткан курулуш материалдары Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдөн чыгып жаткан курулуш материалдарына токтолуп: “Буга чейин курулуш материалдарын башка мамлекеттерден алып келчүбүз. Азыр бир катар курулуш материалдарын өзүбүз чыгарып, атүгүл экспорттой баштадык”, — деди. Бул багыттагы ата мекендик өндүрүштү колдоо иштери министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан программалардын алкагында жүргүзүлүүдө Азыркы учурда өлкө төмөндөгү курулуш материалдарын экспортко чыгарат: 2025-жылы ишке кирген курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар: Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартовдун айтымында, бул ишканалардын ар биринде кеминде 100дөн ашык жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле алдыда курулуш материалдарын чыгаруучу 43 ишкана ишке киргизилет. Бул багыттагы демилгелерди министрлер кабинети өзгөчө колдоого алууда Күн мурун “Стилекс” ишканасы алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгарууга багытталган заводду пайдаланууга берди. Долбоордун алкагында жалпы аянты 10,8 миң чарчы метр болгон заманбап өндүрүш комплекси курулган. Анда куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, кампалар, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы жана административдик корпус жайгашкан. Завод жылына 1,4–1,5 миң тонна алюминий куймасын жана 1–1,3 миң тонна алюминий продукциясын чыгарууга жөндөмдүү