Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

АКШ НАТО союздаштарынан Ормуз кысыгына кемелерди жөнөтүүнү талап кылат

АКШ НАТОдогу союздаш өлкөлөрдөн Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн аскердик кемелерди жөнөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэтт Уитакер билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты Анын айтымында, АКШ дүйнөлүк супердержава катары мындай милд

3 gün önce0 görüntülemesuper.kg
АКШ НАТО союздаштарынан Ормуз кысыгына кемелерди жөнөтүүнү талап кылат
Paylaş:

АКШ НАТОдогу союздаш өлкөлөрдөн Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн аскердик кемелерди жөнөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэтт Уитакер билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты Анын айтымында, АКШ дүйнөлүк супердержава катары мындай милдетти жалгыз да аткара алат, бирок күчтүү союздаштардын катышуусу жалпы коопсуздукту бекемдейт Бул билдирүү АКШ менен Израильдин Иранга каршы аскердик операциясынын фонунда айтылды. Ушул кырдаалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, камсыздандыруу компаниялары төлөмдөрдү жогорулата баштаганы маалымдалды Белгиленгендей, Ормуз кысыгы — Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги маршрут болуп саналат. Бул жол аркылуу дүйнөдөгү мунай жана мунай продуктыларынын, ошондой эле СПГнын болжол менен 20 пайызы ташылат

Kaynak: super.kg

Diğer Haberler

АКШ НАТО союздаштарынан Ормуз кысыгына кемелерди жөнөтүүнү талап кылат | Tenqri