Агартуу министрлиги: Апрелде мугалимдердин айлыгы тегиз көтөрүлөт
2026-жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлөрү күтүлүп жаткан мугалимдердин айлыгы боюнча суроолор жаралууда. Парламенттин 11-марттагы жыйынында депутат Рустамбек Советбек уулу айлыгы көтөрүлө турган мугалимдердин тизмесине тарых сабагын окуткан мугалимдер кошулбай калганы тууралуу кайрылуулар түшүп жатка

2026-жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлөрү күтүлүп жаткан мугалимдердин айлыгы боюнча суроолор жаралууда. Парламенттин 11-марттагы жыйынында депутат Рустамбек Советбек уулу айлыгы көтөрүлө турган мугалимдердин тизмесине тарых сабагын окуткан мугалимдер кошулбай калганы тууралуу кайрылуулар түшүп жатканын айтып чыкты – Математика, биология, химия, информатика жана башталгыч класстардын окутуучуларыныкы гана көтөрүлөт экен. Андыктан тарых сабагынан берген мугалимдер кайрылып жатышат. Алар 9-11-класстарды мамлекеттик аттестацияга даярдашарын айтышууда,- деди депутат 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мындай деди: – Коэффициенттер эмнеге ар кандай болуп жатат? Мисалы, тарых, география сабактарынын мугалимдеринин коэффициенттери азыраак болуп жатат башкаларга салыштырмалуу. Болбосо баарынын эле жүгү бирдей Агартуу министрлиги “1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы окуткан предметине карабастан 100 пайыз жогорулайт” деп маалымат таратты Айта кетсек, 1-апрелден баштап мугалимдердин айлыгы 100 пайыз жогоруламакчы