Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар унаа жолдорунун курулушун текшерди
Бүгүн, 14-март министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар унаа жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти Маалым болгондой, Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун узундугу долбоо

Бүгүн, 14-март министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар унаа жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти Маалым болгондой, Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун узундугу долбоорго ылайык 105 чакырымды түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө Андан ары Касымалиев узундугу 60,5 чакырым болгон Каракол-Токтогул-Жыргалан автомобиль жолунун курулушун көрду. Мындан тышкары 75 чакырым болгон Балыкчы-Барскоон-Каракол автомобиль жолун жана узундугу 16,9 чакырым болгон Жети-Өгүз-Койсары автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталды Унаа жолдорунун курулушун каржылоо республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди