2030-zhylga cheyin ԩlkԩnү ԩnүktүrүү: Aiyl charbasynan tartyp turizmge cheyinki planlayıcısı
2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилген. Анда өнүгүүнүн төрт негизги багыты — индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулары белгиленген. Бул максаттарды ишке ашырууда министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан ст

2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилген. Анда өнүгүүнүн төрт негизги багыты — индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулары белгиленген. Бул максаттарды ишке ашырууда министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан стратегиялык кадамдар өзгөчө мааниге ээ. Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө айыл чарба, өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган. Ал эми аймактык хабды түзүү республикага эл аралык транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү өз ордун ээлөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле "жашыл" энергетиканы алдыга жылдыруу максаты камтылган. Бул ирет "Кабар" агенттиги улуттук программаны ишке ашырууга кандай кадамдар жасалып жатканына саресеп салат Органикалык айыл чарбаны колдоо. Азык-түлүк товарларын өндүрүүгө багытталган ишканалардын ишине дем берүү ата мекендик продукцияны өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана экспортту илгерилетүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Кабар агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Айсулуу Аманова билдирди Анын айтымында, айыл чарба тармагында алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн өндүрүштү модернизациялоо, натыйжалуу методдорду киргизүү, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Эгер ушул иштер ишке ашса, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйтүлөт. Кайра иштетүүнүн көлөмү 2 эсеге өсөт. Сууну жоготуу деңгээли 15 пайызга чейин төмөндөйт Ири ишканаларды пайдаланууга берүү долбоорлору ишке ашса, жумушсуздук мурункудай өспөй, тескерисинче 5 пайыздык көрсөткүчтөн ашпайт деп болжолдонууда. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн 20 пайыздан кем эмес кылуу керек. Өлкөдөгү туруктуулук, экономикадагы жылыш инвестиция тартууга өбөлгө түзүүдө, деп эсептейт министрликтин өкүлү Ал белгилегендей, аймактык транспорттук хабды өнүктүрүү Кыргызстандын соода жолдорундагы мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бул өлкөгө эл аралык транзиттик жүк ташуу багытында өз ордун акырындык менен чыңдоого мүмкүндүк берет Транспорт тармагындагы иштерди жакшыртуу менен программада көрсөтүлгөн туризм багытын өнүктүрүүгө жол ачылат. 2030-жылга карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу тарабынан аныкталуучу туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн тизмесине кирүү кажет. Ошондой эле тоолордогу туризмдин коопсуздугу боюнча эл аралык рейтингде 70 жана андан жогору баллга жетүү пландалууда. Бул максаттарды ишке ашыруу министрлер кабинети үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу менен өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсү жогорулайт. Экономист Ялкун Даутов "Кабар" агенттигине документте камтылган пландарды ишке ашыруу үчүн аткарылып жаткан иштерди тизмектеп берди Анын пикиринде, жыл сайын өлкө боюнча 100 ишкананы ишке киргизүү планы экономикалык өсүштү арттырып, салыктык түшүүлөрдү жана жумуш орундарын көбөйтөт. Бул экономикалык саясаттын туура багытта жүргүзүлүп жатканынан кабар берет Кыргызстанда өзгөчө экономика тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, көмүскөдө иштегендерди ачыкка чыгарууга багытталган иштер жүрүүдө Ялкун Даутовдун айтымында, туризм тармагын өнүктүрүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жайкы туризмге улай эле кышкы туризмди жайылтууга багытталган долбоорлордун саны арбыды. 2022-жылга салыштырмалуу 2025-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны эки эсеге көбөйгөнү байкалды Экономисттин баамында, аймактарды, анын ичинде шаарларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул үчүн жылына 500 млн сомдон кем эмес каражаттар бөлүнүп жатат 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында бир катар максаттуу багыттарга жетүү планы коюлган: Бул стратегиялык көрсөткүчтөргө жетүү үчүн министрлер кабинети тарабынан жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, ИДП адам башына 2020-жылы 1230 доллар болсо, 2024-жылы 2513 долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылы 3075 долларга жетти 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн жогорулатуу менен калктын жан башына аны 4 500 долларга чейин жеткирүү мерчемделүүдө. Бул өсүштөр алдыдагы 4 жылда камсыздалса, ал натыйжалардын эсебинен Кыргызстанды дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү максатын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кыйла жогоруламакчы Ялкун Даутовдун пикиринде, экономикалык өсүш темпи азыркы калыбынан жазбай уланышы үчүн экономикалык абалдын туруктуулугу маанилүү